23.04.2018 10:19

Кабулдагы жардыруудан 57 киши курман болду

Кабулдагы жардыруудан 57 киши курман болду

Кабулдагы жардыруудан 57 киши курман болуп, 120дан ашык адам жаракат алды. Афганистандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Наджиб Данеш билдиргендей, террорист-жанкечти бомбаны шайлоочуларга документтерди берүүчү борбордон ишке киргизген. 

Ал жакка шаар тургундары октябрь айына белгиленген парламенттин шайлоонун алдында каттоодон өтүү үчүн келишкен болчу.

"Теракттан курман болгондордун арасында аялдар жана кичине балдар көп",- деп билдирет өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү.

 "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жарылууга жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул туурасында  AMAQ агенттигине шилтеме берүү менен Рейтер кабарлоодо.

Теракт шииттер көп жашаган аймакта орун алды.