03.05.2018 21:39

Калаа ипподромунун дарбазасынын алдынан дат баскан мина табылды

Калаа ипподромунун дарбазасынын алдынан дат баскан мина табылды

3-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын «102» нөөмөт кызматына шаардык ипподромдун дарбазасынын алдында шектүү нерсе турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ИИМдин жана МУККтун кызматкерлери барып, ипподромдун аймагын курчоого алышкан.

Коопсуздук кызматынын адистери шек жараткан нерсе - дат басып, колдонууга жарабай калган мина экенин аныкташты. Бул туурасында аталган кызматтын басма сөз борборунан билдиришти. 

Аймактан башка кооптуу предметтер же жарылуучу заттар табылган жок. Табылган ок-дарыны жок кылуу үчүн полигонго алып кетишти.

Учурда минанын табылышына байланыштуу бардык жагдайлар иликтенүүдө.