06.05.2020 15:01

Канат Сагынбаев: Жогорку Кеңештин жыйындарына Асылбек Жээнбеков эмне себептен катышпайт? Президенттин жакын адамдарына элдин, өлкөнүн көйгөйү маанилүү эмеспи?

Канат Сагынбаев: Жогорку Кеңештин жыйындарына Асылбек Жээнбеков эмне себептен катышпайт? Президенттин жакын адамдарына элдин, өлкөнүн көйгөйү маанилүү эмеспи?

Кой-Таш окуясы боюнча камалган УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев кайрылуу жасады.

Ал парламент жыйындарынын биринде депутат Ирина Карамушкина берген суроого көңүл бурган: «12-мартта Сауд Аравиясынан келген учактын ичинде президенттин бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков болгонбу?»

Кайрылуулунун текстин толук келтирсек:

« Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын 30-апрелдеги палатанын жыйынында сүйлөгөн сөзү айрым бийликтин камчысын чаап жүргөн депутаттар тарабынан бетбактык менен бурмаланды.

Ирина Карамушкина ислам динине жана Сауд Аравиясынын дарегине эч кандай шек жарата турган сөз сүйлөгөн жери жок. Тескерисинче, аны табалап, президенттин инисине болушкан «Мырзалар» тарабынан коомчулуктун көңүлүн маселенин өзөгүнөн башка нукка буруу аракети жасалды.

 «Асылбек Жээнбеков 12-мартта Сауд Аравиясынан келген учакта болду беле?»,-деген Ирина Карамушкинанын так жана тике суроосу жоопсуз калды.

Умра сапары жеке туристтик компаниялар аркылуу ишке ашырылат. Менин билишимче, ал жакка барып келүү үчүн жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттарына жана президенттин тегерегиндеги адамдарга бекер квота  каралган.

Мени жана жалпы коомчулукту да кызыктырган суроо - «Мындай мүмкүнчүлүккө бул сапар кайсы депутат ээ болду экен?» Балким, Асылбек Жээнбеков өзү ээ болгон чыгаар? Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жаралып, көйгөйлүү маселелер каралып жатканда, Жогорку Кеңештин жыйындарына Асылбек Жээнбеков эмне себептен катышпайт? Же президенттин жакын адамдарына элдин, өлкөнүн көйгөйү маанилүү эмеспи?

 Ар бир Кыргызстандын жараны өзү шайлаган эл өкүлүнөн отчёт алууга укугу бар. Ал эми эл өкүлү эл алдында отчёт берүүгө милдеттүү. Эгер бийлик чындыкты жашырбаса, так маалыматты коомчулукка ачыктасын. Кезектеги көнүмүш адатынча калпын айтып же чындыкты жашырса, «Ак үйдүн» өз аброюна эле шек жаралат. Элдин бийликке болгон ишеними бүгүнкү күндө ансыз да болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлде».

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Канат Сагымбаевдин УКМК кызматкери деген күбөлүгүн алып коюшкан, өзүнө кызматтан бошотулганы тууралуу буйрукту көрсөтүшкөн. Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын пикиринде, буга жан сакчы Алмазбек Атамбаевди видео аркылуу туулган күнү менен куттуктаганы себеп болгон.

24-сентябрда Аскер прокуратурасы Канат Сагымбаевди 7-августта Кой-Ташта болгон окуяларга шектүү катары камап койгон.

Канат Сагымбаевге жалпысынан он айып тагылган.