20.12.2019 14:25

Кантта компьютер жарылып, 15 жаштагы өспүрүм каза тапты

Кантта компьютер жарылып, 15 жаштагы өспүрүм каза тапты

Чүй облусунун Кант шаарында компьютер жарылып, кесепетинде 15-жаштагы өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, кырсык күн мурун, 19-декабрда болгон. Жабыр тарткан жаранды Бишкек шаардык травматология бейтапканасына алып келишкен. Бирок, бүгүн таңкы саат 5:30дар чамасында өспүрүм үзүлүп кеткен.

Ак халатчандардын маалыматына караганда, бейтаптын колу,буттары 35 пайыз тереңдиктеги, 2-3-деңгээлдеги күйүк алган. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болгондуктан, өз алдынча кыймылдай алган эмес.

«Ноутбуктан өрт чыкканда, ал бөлмөдөн чыгып, отту өчүрө алган эмес. Кесепетинде үйдүн ичи өрттөнүп кеткен», - деп маалымдайт «Кабар».

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктын себеби – электр зымдарынын бузулганынан келип чыккан.