11.06.2018 14:07

Кара июнь: июнь коогалаңына сегиз жыл

Убакыт деген зымырык куш. Каргашалуу Июнь окуяларына билинбей эле сегиз жыл болуп кетиптир. 2010-жылы Кыргызстанды кара булуттай каптаган коомдук саясий жагдайларды элестетүү кыйын. 7-апрелден кийин жүз берген окуяда алакандай элибиз экиге бөлүнүп кала жаздабады беле. Бул коогалаңга ким күнөөлү деп талаш-тартышка түшүп жүргөндөр азыр да жок эмес. Айрымдар Убактылуу өкмөттүн чечкинсиз кадамдары дешсе, кээ бири Бакиевдерди күнөөлөп келет.

Бүгүн темир тор артында отурган убактылуу бийликтин айрым мүчөлөрү Кадыржан Батыров сыяктуу сепаратисттерден колдоо сурап, жаш балача чуркап жүргөндөрүн азыркыга чейин бир нече булактар тастыктап келет. Батыровдун болсо эки жыл мурда "Азаттык" үналгысына берген маегинде: "саясат менен албетте шугулданам. Максатым – жүзүм жарык бойдон мекениме, Кыргызстанга кайтуу", – дегени бар. Сепаратист деп табылган Батыровдун оюнда кандай шамал жүрүп жатканын жалгыз өзү билет.

Кантсе да, ал сыяктуу бөлүп жаргычтар менен саясий оюндарды жүргүзүүнүн жыйынтыктары эмнеге алып келээрин эске сала кетпесек болчудай эмес