04.02.2020 12:31

Кароосуз калган балдар кайда барат? Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору качан жабылары белгилүү болду

Кароосуз калган балдар кайда барат? Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору качан жабылары белгилүү болду

Бишкек шаарындагы Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору 3-марттан баштап жабылат. Бул тууралуу  социалдык башкаруу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Лариса Губинага таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, борборду жоюу иши башталды.

«70 балага ылайыкталган, учурда жашы жете элек 6-11 бала бар. Аларды башка мекемелерге которот. Штатта 48 адам иштейт, азыр кыскартуулар жүрүүдө. өндүрүшө ылайык эмгектик келишимдер түзүлөт. Бардыгы мыйзам чегинде жасалып жатат», — дейт Лариса Губина.

Белгилүү болгондой, борбордун алдында жетимдерге, интернат бүтүрүүчүлөрүнө жана жашоодо кыйналган жаштарга арналган социалдык жатакана бар. Ал борбордон бөлүнөт. 

«Жатакана өз ишин улантат. Борбордун ордунда эмне болоруу белгисиз, бирок бош турбайт. Анткени жою иши көп убакытты талап кылат. Шаарга азыр эмне керек экенин изилдеп жатабыз. Балдарка кызмат көрсөтүүнү улантабыз», — дейт Лариса Губина.