26.12.2018 14:05

Кароосуз калган балдарды ким коргойт?

Кароосуз калган балдарды ким коргойт?

Өткөн аптада Нарын облусунун Жумгал районунда 4 жаштагы кыз менен чоң энеси зордукталып, ал эми дагы бир 7 жаштагы небереси муунтулуп өлтүрүлгөн. 

Андан мурдараак 23-декабрда Жети-Өгүз районунда бир жарым жаштагы бала ур-токмоктон каза тапкан. Апасы Орусияга иштегени кеткенде эжеси өлтүрө сабаган. 

6-декабрда болсо Бишкекте дагы бир 2 жаштагы бала аеосуз сабалып, өзүнө келбей, көз жумду. Апасы баласын курбусуна таштап коюп, Россияга иштегени кеткен.

Акыркы 2 аптанын ичинде дээрлик он бала зордук-зомбулуктун курмандыгы болду. Ал эми, үч ай аралыгында алардын саны 100гө чамалаган.

Келечек муунду зөөкурлөрдөн кантип сактап калуу керек?