11.12.2019 10:00

Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору А. Петрушевский адам укуктары боюнча премияга арзыды

Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору А. Петрушевский адам укуктары боюнча премияга арзыды

Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору Алексей Петрушевскийге Франциянын адам укуктары боюнча консультативдик комиссиясынын премиясы ыйгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. 

Маалыматка караганда, премияны Адилет министрлиги жыл сайын адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүндө тапшырат. Бул жылы комиссия 58 өлкөдөн 164 талапкерди карап чыккан.

Алексей Петрушевскийден башка Перу, Хорватия, Конго жана Руанда өлкөлөрүнүн укук коргоочулары премия алышты.

Эске салсак, Алексей Петрушевский дээрлик 16 жыл бою Бишкек мэриясынын алдындагы Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборун жетектеген.

Буга чейин Алексей Петрушевскийге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюлган эле.

Үстүбүздөгу жылдын февраль айында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары кароосуз калган балдардын борборун жабып, анын ордуна бала бакчасын ачууну сунушташкан. Ал эми 6-мартта болсо себебин түшүндүрбөстөн Алексей Петрушевскийди жумуштан кетиришкен.