22.03.2018 10:27

Казанда кыргыз тасмасы "Саякбай" катыша турган фестиваль башталды

Казанда кыргыз тасмасы "Саякбай" катыша турган фестиваль башталды

Кечээ Татарстандын борборунда Түрк киносунун I Эл аралык фестивалы башталды. Биринчи күнү татар тасмасы «Бибинур» (Юрий Фетинг) менен түрктөрдүн   «Кызыл жоолук» (Атиф Йылмаз) тасмасы көрсөтүлдү.  Бул тууралуу россиялык ЖМКлар билдирет.

Алардын маалыматына караганда, фестивалга кыргыз режиссеру Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай»  тасмасы катышат. Ал  көрүүчүлөрдүн  сынына бүгүн саат 18:00до коюлмакчы.

21-марттан 25-мартка чейин  Казанда  Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Россиядан келген тасмалар көрсөтүлөт.  Фестивалда жеңүүчү да, сыйлык да болбойт. Дүйнөлүк кинематографтардын айтымында, башкы максат-  көп көрүүчү топтоо.

Апрель айында Кыргызстандык кино сүйүүчүлөргө да бул тасмаларды көрүү  мүмкүнчүлүгү  берилет.