12.06.2019 15:10

Киберкоопсуздук: өкмөттүк сайттарды бузуу оңой элеби?

Киберкоопсуздук: өкмөттүк сайттарды бузуу оңой элеби?

Кыргызстандагы кибер-коопсуздукту ким камсыздайт? Бул суроо менен УКМКга кайрылганыбызда, чекисттер ички иштер министрлигине шилтешти.

Укук коргоо органдары болсо Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине тартылышып, интервью берүүгө беш мүнөт убакыт табышкан жок. Мындан улам, бул суроо азырынча ачык бойдон калууда. Болбосо, маселе дыккат көңүл бөлүүгө татыктуу.

Белгилей кетсек, кечээ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын расмий сайтында экс-президент Алмазбек Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганы боюнча маалымат чыккан эле. Аны автоинспекторлор четке кагып, сайтка сырттан чабуул жасалганын айтышкан болчу.

Бул жагдайдан кийин Өкмөттүн өзүнүн расмий сайты канчалык даражада корголгон, деген суроо пайда болот. Көрсө, аткаруу бийлигинин өзү да хакердик чабуулдарга туруштук бере алчудай эмес.