22.06.2018 10:55

Кылмышка шектүү башка паспорт менен Казакстанга кире качууга аракет кылды

Кылмышка шектүү башка паспорт менен Казакстанга кире качууга аракет кылды

Бир тууганынын паспорту менен Казакстанга өтүп кетүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында  Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Окуя кечээ, 21-июнда «Акжол» көзөмөл-өткөрүү бекетинде катталган. Кыргыз жараны кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн  Казакстандын аймагына кире качууну көздөгөн.   

Паспорт көзөмөлүнөн өтүү учурунда ал чек арачыларга 1990-жылкы С.С.га таандык документти көрсөткөн. Сүрөттөгү окшоштукка карабай, паспорттон шектенген чек арачылар дыкаат иликтөөнүн жыйынтыгында, документ башка адамга тийиштүү экенин аныктап чыгышкан.

Кармалган кыргызстандык козголгон кылмыш ишине байланыштуу өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан, агасынын паспортун колдонуп, Казакстанга өтүп кетүүнү көздөгөнүн мойнуна алды. 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин мыйзам бузуучу ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.