27.07.2018 18:23

Кымыз куйган чанач, саба кантип жасалат?

Күзүндө башталган жумуш жазга чейин уланат. Бул көчмөн элдин кымыз куйган чанач, саба идиштеринин жасоо мөөнөтү. Өзгөчө кол өнөрчүлүк Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Алтынбек Нуркасымовго тиешелүү .Ал бир жылда 60тан ашык чанач, 10дон ашык саба даярдайт. Бал кымыз куюла турган аяктар кантип жасалганын төмөндөгү видеодон көрсөңүздөр болот.