05.09.2018 15:31

Кырчын жайлоосунда төкмө акындардын сынагы башталды

Кырчын жайлоосунда төкмө акындардын сынагы башталды

Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Айтыш-2018» эл аралык сынагы башталды. 

Анда казак жана кыргыздын алдыңкы акындары айтышып, өнөрлөрүн көрсөтөт.  Айтыштын биринчи айлампасында жалпы 16 акын катышып, жыйынтыгында 8 акын финалга жолдомо алган. Алардын ичинен төртөө казак акыны, төртөө кыргыз акыны. Бул жылы да адаттагыдай эле кош байге сайылган. Демек, ар бир байгелүү орунга 1 кыргыз жана 1 казак акыны илинет. Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сом. Мындан сырткары "Айтыш" коомдук коомдук фондунун өзүнчө сыйлыктары тапшырылмакчы.

Айтышка Акбар Рыскулов, Күмөндөр Абылов, Кыялбак Урманбетов, Кубат Болотканов, Кайрат Иманалиев, Улан Турдалиев, Жаныбек Эсеналиев калыстык кылат.