19.02.2019 12:46

Кыргыз бийчиси «Dance Moscow» эл аралык конкурсунда баш байгеге ээ болду

Кыргыз бийчиси «Dance Moscow» эл аралык конкурсунда баш байгеге ээ болду

Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Фарух Садыркулов Москвада өткөн «Dance Moscow» эл аралык конкурсунда 1-орунду жеңип алды. Бул туурасында Опера жана балет театрынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жаш аткаруучулардын классикалык, заманбап жана элдик-сахналык хореография боюнча «Dance Moscow» эл аралык конкурсу Театралдык искусство институту жана анын мурунку президенти, көркөм жетекчиси, СССРдин эл артисти ыраматылык Иосиф Кобзондун демилгеси менен уюштурулуп, өтүп жүргөн.

«Фарух Садыркулов өз өнөрү менен калыстар тобунда отурган СССРдин эл артисти Светлана Адырхаева, Борис Акимовдун, Россиянын эл артисти Марина Леонованын купулуна толо алды. Москванын көрүүчүлөрү жана конкурстун коноктору биздин мекендешибиздин ар бир сахнага чыкканын жакшы кабыл алып, кол чаап турушту», -деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын хореографиясынын тарыхында бул эл аралык абройлуу конкурстардагы биринчи жетишкендик.