05.02.2019 17:15

Кыргыз футболчуларына кызыккандар көбөйдү

Кыргыз футболчуларына кызыккандар көбөйдү

Азия Кубогу кыргыз футболчуларынын багын ачты. Улуттук курама топтун мүчөлөрү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачылып, чет өлкөлүк клубтардын талашына түшүп жатышат. Кээ бирлери келишим түзүүгө да жетишишти. Бул бир гана оюнчулар эмес, кыргыз футболу үчүн жакшы жаңылык. Анткени чет өлкөдөн топтолгон тажрыйба бул жерден жемишин берет.