24.01.2019 10:00

Кыргыз футболундагы ийгиликке 7 кадам

Кыргыз футболундагы ийгиликке 7 кадам

Кыргыз футболу 2014-жылга чейин өзүн көрсөтө албай келген. Бир нече жолу Азия Кубогу менен Дүйнө Чемпионатына катышуу үчүн тандоо турларынын биринчи этабынан да ары бара алган эмес. Ал эми 2013-жылдын март айында ал болуп көрбөгөндөй кризиске келип ФИФАнын рейтингинде тарыхындагы эң төмөнкү 201-орунду алган.

Бирок акыркы 4 жыл ичинде биздин футболдун бар экенинен кабар ала баштадык. Коомчулукта ага болгон кызыгуу да өрчүдү, ал эми ак шумкарлардын акыркы ийгиликтери элибиздеги ынтымак менен биримдикти күчөтө алды.