24.05.2019 09:00

"Кыргыз темир жолу" ишканасы менчиктештирилеби?

"Кыргыз темир жолу" ишканасы менчиктештирилеби?

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жердешчилик кылып жатат. Мындай билдирүүнү "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын көз карандысыз профсоюзу жасады. Айтымдарында, мекемедеги жердештери жана курсташтары аркылуу өкмөт башчысы темир жолдорундагы акча агымын көзөмөлдөп жатат.

Ошол эле профсоюздун өкүлдөрү бийликтин мамлекеттик мекемени жеке колго өткөрүп берүү демилгесине каршы чыгышууда.