13.01.2020 10:16

Кыргыздын балбан кыздары Турцияда алтын медаль тагынышты

Кыргыздын балбан кыздары Турцияда алтын медаль тагынышты

Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн спорттук күрөш боюнча эл аралык мелдеште биринчиликти алды.

Yaşar Dogu 2020 мелдеши 10-12-январь күндөрү Стамбулда өттү. Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде атаандашы азербайжандык Татьяна Омельченкону жеңип, алтын медаль тагынды.

Дагы бир алтын медалды Кыргызстандын спортчусу Назира Марсбек кызы, 59 килограммга чейинки салмак ченинде беттешип жеңип алды. Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта ат салышып, 3-орунду багындырды.