17.01.2020 11:18

Кыргыз-кытай чек ара өтмөгү бир апатага жабылат

Кыргыз-кытай чек ара өтмөгү бир апатага жабылат

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүүчү пунктары бир аптага жабылат. Бул тууралуу КР мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, 24-январдан тартып 30-январга чейин аталган тилке Кытай тараптын өтүнүчү менен убактылуу иштебей турат. Ага себеп кытайлыктардын жазгы улуттук майрамы, тагыраагы жаңы жылды белгилешет.

Чек ара өтмөгүнөн адамдарды, транспорт каражаттарын, жүк таашуучу унааларды 31-январдан тарта өткөрө башташат.