28.04.2020 16:59

Кыргыз-Кытай чек арасы 6-майга чейин жабылат

Кыргыз-Кытай чек арасы 6-майга чейин жабылат

Кыргыз-Кытай чек арасындагы өткөрмө бекети жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кытайда өтүүчү «Эмгек күнү» майрамына карата чек ара 30-апрелден 5-майга чейин жабык болот. 6-майдан тартып кайра ишин жандантат.

Алай районундагы «Эркечтам» өткөрмө бекети - Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда азыр иштеп жаткан жалгыз бекет. Ал коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылып, Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тартып ишин кайра жанданткан.

Нарындагы «Торугарт» өткөрмө бекети коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылган боюнча ачыла элек.