11.12.2018 10:05

Кыргызстанда эки жашар бала ур-токмоктон көз жумду

Кыргызстанда эки жашар бала ур-токмоктон көз жумду

Эки жаштагы бала ооруканага эсин жоготуп жеткирилген бойдон ойгонгон эмес. Дарыгерлер канча аракет кылышса да, баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Укук коргоо органдары билдиргендей, наристе ата-энесинин колунда эмес, энесинин курбусунда тарбияланып келген. Апасы баласын таштап, Россияга иш издеп кеткени маалым. Ооруканага жеткирилген наристени текшерүүгө алган дарыгерлердин айтымында, баланын денесинде бир да соо жери калган эмес, баары көк ала.