28.09.2018 17:33

Кыргызстанда интернет-казинолордо ойноого тыюу салынат

Кыргызстанда интернет-казинолордо ойноого тыюу салынат

Кыргыз өкмөтү дүйнө желесиндеги кумар оюндарына тыйюуу салганы турат. Так айтканда, интернетте акчага ойноо, спорттук мелдештердин жүрүшүн алдын-ала божомолдоп, акча коюу жана интернет аркылуу чет элдик валюталарды алып-сатууга бөгөт коюлат. Учурда тиешелүү мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган.

Бул норманын тагдыры кандай? Чындап эле виртуалдык кумар оюндарын кесип салууга өкмөттүн күчу жетеби? April.kg териштирип көрдү.