Кыргызстанда кызылча оорусу күч алды

Кыргызстанда кызылча оорусу күч алды

Дарыгерлер Кыргызстанда кызылча оорусу күч алганын айтышууда. Жакында Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында кызылча менен ооруган алты айлык ымыркай кыз өзүнө келе албай чарчап калды. Жыл башынан бери бул ооруга чалдыккандардын саны 500дөн ашты. Мунун себеби: ата-энелер эмдөөдөн баш тартып жатышкандыгында болуп жатат дешет врачтар. Учурда өлкөгө эмдөө борбору 100 миң доза вакцина алдырып жатат. Бул оорунун өзгөчөлүгү жана эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө төмөнкү видеодо: