05.09.2019 15:18

Кыргызстанда санарип эмгек биржасы иштей баштады

Кыргызстанда санарип эмгек биржасы иштей баштады

Жумушсуздар жана жумуш берүүчүлөр үчүн электрондук аянт пайда болду. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эки жылдык убакытта иштелип чыккан эмгек рыногунун маалыматтык санарип системасы менен тааныштырды.

А бирок системага катталуу үчүн өзүңүз министрликтин жергиликтүү бөлүмүнө кайрылып, паспорт, эмгек китепчеси жана окугандыгы тууралуу документ ала барышыңыз керек. Ал маалыматтар эмгек рыногунун маалыматтык системасынын базасына http://zanyatost.kg/ веб-порталы аркылуу киргизилет.

Система кантип иштейт, кененирээк видеодон көрө аласыздар.