25.07.2018 18:25

Кыргызстанда тектүү элдердин курултайын өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда тектүү элдердин Курултайын өткөрүү сунушталды. Мындай ой менен Памир, Тянь-Шань жана Саян-Алтай элдеринин туруктуу форумунунун катышуучулары бөлүшүштү. Чоң-Кеминде өткөн иш-чарада Хакасия, Алтай, Тува жана Бурят өкүлдөрү катышты. Алар менен биздин өлкөнү окшош салттуу маданият жана баалуулуктар бириктирип турат. Убагында Кыргыз каганатына кирген калктар эми ушинтип чогулуп, көйгөйлөр жана өнүгүү жолдорун издеп жатышат.