17.12.2018 15:15

Кыргызстандагы балдар китептериндеги сүрөттөрдү ким тартат?

Кыргызстандагы балдар китептериндеги сүрөттөрдү ким тартат?

Сүрөттү көрүп тартуу эмес, жан дүйнөдөгү сезимди сүрөткө түшүрүү оор. Мындай пикир ар бир күнүн сүрөт тартуу дүйнөсүндө өткөргөн Динара Чокотаевага таандык. Живопись, графика жана китептеги чыгармаларга сүрөт тартуу - бул Динара айымдын колунан келген иштердин чети эле. Анын дагы бир өзгөчөлүгү - чыгармаларында кыргыздын оймо-чиймелерин камтыганды жактырат.