20.07.2018 18:23

Кыргызстандагы үрөй учурган үй-бүлөлүк зомбулуктар

Сексуалдык мүнөздөгү кордукка кабылган балдардын дээрлик 80% жакындары тууган-туушкандары кол салышкан. Ал эми зомбулукка чалдыккан чурпөлөрдүн кырк пайызы өз ата-энеси тарабынан токмоктолгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлайт. 

Зөөкүрлөрдү кандай гана катаал жазалар менен коркутпа, алардын саны азайбай келет. Бир жыл ичинде кыз-эркек дебей, кичинесинен чоңуна чейин зордук-зомбулукка кабылганы байма-бай чыгып турат. Барган сайын балдарга болгон орой мамиле мыкаачылыктын жеткен чеги менен коштолууда. Акыркы алты айдын ичинде эле үрөй учурган бештен кем эмес учур катталган. Шымын булгап, тентек кылып, нан жейм дегени үчүн ырайымсыз кыйноого кабылган балдар тууралуу кабарчыбыздын материалы.