22.06.2019 16:29

Кыргызстандык Totem Show бийчилер тобу дүйнөлүк таланттар шоусунда финалга чыгышты

Кыргызстандык Totem Show бийчилер тобу дүйнөлүк таланттар шоусунда финалга чыгышты

Кыргызстандык Totem Show бийчилер тобу World’s Got Talent таланттар шоусунда финалга чыгышты. Бул тууралуу April.kg порталына топтун жетекчиси Атай Өмүрзаков билдирди.  

Долбоорго баш-аягы 50 мамлекет катышкан. Жарым финалда Totem Show Венгрия, Монголия, АКШ, Испания жана Ирландиянын таланттар шоусунун жеңүүчүлөрү менен беттешкен. Анын жыйынтыгы менен кыргыз бийчилери 2019-сезондун мыкты 8 аткаруучусунун тизмесине киришти. 

Учурда топ 11-июль күнү Кытайдын Чанша шаарында өтө турган финалга кызуу даярдык көрүшүүдө.