06.12.2018 17:08

Кыргызстандын башкы балатысына канча акча коротулат?

Кыргызстандын башкы балатысына канча акча коротулат?

Жаңы жылды майрамдоого ашкере каражат коротулбай турган болду. Эски, даяр жасалгалар чаңдап, ишсиз жатканда жаңысын алууга кандай зарылчылыгы бар?

Так ушундай ураан менен калаа бийлиги борбордук аянтты кооздоп баштады. Негизги балаты дагы, оюнчуктар да жаңыланбайт, колдо бар каражат менен гана чектелебиз дейт мэрия өкүлдөрү. Ала-Тоо аянты болсо кышкы жомок композициясында жасалгаланат. Жаңы жылдык маанай жаратууга канча каражат кетти, мэриянын быйылкы дизайны эмнеси менен өзгөчөлөнөт?