28.03.2019 11:12

Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлеринин кандай бизнеси бар?

Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлеринин кандай бизнеси бар?

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке компаниясы бар. Ал былтыр мамлекеттик казынага салык төлөп-төлөбөгөнүн Tazabek маалымат порталы аныктай алган эмес. Ага салыштырмалуу, ишкерлик менен алектенген айрым мурдагы премьер-министрлер 2018-жылы бюджетке миллиондогон сомдорду түшүрүшкөн.

Кирешесин ыраа көрбөгөн экс-жетекчилер да бар. Аткаминерлердин жеке казынасы жетиштүү экени эч кимге сыр эмес. Кээ бири байлыгын өкмөттү жетектеп турганда топтогон.