Кыргызстанга 15 реанимобилди текшерүү үчүн эл аралык эксперттердин бири келди

Кыргызстанга 15 реанимобилди текшерүү үчүн эл аралык эксперттердин бири  келди

Кыргызстанга  Эл аралык эксперттердин бири, Израилдин Ыкчам медицина борборунун кызматкери  Гари Гросман келди.  Ал реанимобилдерди текшерип, айкындалган кемчиликтер дарыгерлердин жана унаанын ишине канчалык таасир  берери тууралуу бүтүм чыгаруу үчүн чакырылган.

Андан сырткары 27-мартта дагы эки эл аралык эксперт –инженерлердин келиши күтүлүүдө. Алар машиналардын конструкциясына  өзгөртүү киргизүүгө болобу-жокпу айтышат.  

Гари Гросман Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана башка министрликтин кызматкерлери менен жолукту. Анда серепчиге реанимобилдер боюнча азыркы кырдаал тууралуу толук маалымат берилди. 

Бүгүн 26-мартта Гари Гросман Саламаттыкты сактоо министрлигинин автобазасына барып, унаалардын абалы менен жеринде таанышып, текшерүү жургүзөт.