10.07.2018 13:09

Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн, кайсы долбоорлорго грант берилген?

Май айынын аягына Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 425 миллион доллар түздү деген маалыматты бүгүн Каржы министрлиги таратты. Алардын 3 миллиард 839 миллиону - тышкы карыз экен.

Башка өлкөлөрдүн Кыргызстанга кол сунушу жакшы деңизчи. Бирок, ошол эле учурда бекер оокат капканда гана болот дегендер да жок эмес. Бүгүн кайрымдуу акциясынын катышуучусуна окшоп кабаттап акча бергендер эртең өкүм сүйлөп талабын угузушу мүмкүн. Акыркы жылдардагы четтен келген каражаттарды эсиңизге салабыз.