05.06.2018 15:08

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чатак аскерий прокуратуранын катышуусунда териштирилет

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чатак аскерий прокуратуранын катышуусунда териштирилет

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал турукташты. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Кечээ кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда чыккан жаңжалдан кийин эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүшкөн.

Жолугушууда кыргыз тарап мамлекеттик чек арадагы чек арачылар сызыгын бузууга жол берилбестигин айтышты. 

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 3 тажик аскер кызматкери тажик тарапка өткөрүлүп берилди. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү аскерий прокуратуранын катышуусу менен чатакты иликтеп чыгуу тууралуу сүйлөшүштү.

Ошондой эле, 6-июнда эки мамлекеттин чек ара жетекчилери жолугуп, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жана мындан ары жогорудагыдай көрүнүштөргө жол бербөөнү талкуулашары күтүлүүдө.

Учурда Кыргызстан чек арачылары чек арага жакын жайгашкан аймактагы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. 

Эскерте кетсек, кечээ Лейлек районунун Максат айылындагы «Футбол талаасы» тилкесинде  саат 17:10дор чамасында эки тараптын чек арачыларынын ортосунда талаш чыгып, тажик тарап асманга ок аткан.   

Уруштун чыгышына тажик аскер кызматкерлеринин мамлекеттик чек арадагы  чек арачылар үчүн сызыкты  бузгандыгы себеп болгон. Коңшу өлкөнүн чек арачылары "Футбол талаасы" тилкесине кирип,  мыйзамсыз соода жай уюштуруп алган кыргыз жарандарын тилкеден  кубалап чыгышкан. 

Окуяга кыргыз чек арачылары аралашып, урушту токтотууга аракет кылышкан. Алар  тажик аскер кызматкерлерине маселени мындай жол менен чечүүгө болбой турганын эскертип, такталбаган тилкеге мыйзамсыз кирип келгендерден  аймактан чыгып кетүүнү талап кылган. 

«Тажик республикасынын аскер кызматкерлери кыргыз чек арачыларынын талабын аткаруудан баш тартып, өздөрүнүн агрессиялык жүрүм-туруму менен уруш чыгарууга аракеттенишкен. Андан соң асманга эскертүүчү ок чыгарышкан. Мындан улам, кыргыз чек арачылары тарабынан кармалды», -деп жазылган билдирүүдө.