10.05.2020 14:38

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу: Оор жарат алган чек арачы Бишкекке жөнөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу: Оор жарат алган чек арачы Бишкекке жөнөтүлдү

Абалы оор чек ара кызматкери атайын аскер учагы менен Баткенден Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары Баткен облустук ооруканасынын башкы дарыгерине шилтеме берип жазышты.

Маалыматка караганда оор абалда жатканы офицер болот, калган экөө келишим менен иштеп жаткан кызматкерлер. Экөө Баткендеги дарыгерлердин көзөмөлүндө калышат. Алар  травматология бөлүмүндө жатышат, көкүрөгүнө, колуна ок тийген. Октор алынып, абалдары туруктуу.

Буга чейин Баткенде ооруканага чек ара чырынан кийин төрт адам түшкөнү кабарланган. Алардын үчөө чек ара кызматкерлери,  бирөө жергиликтүү тургун. Үчөө бейтапканага жаткырылып, төртүнчүсү бетинен жараат алган, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн эле.

Эске салсак,  8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында Чек тилкесиндеги 50 сотых жер үчүн жаңжал чыгып, ок атылган. Анда тажик аскерлери күтүүсүздөн кыргыз аскерлерин жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан. Учурда чек арада абал тынч.