14.01.2020 15:08

Кыштын ызгаарында дагы бир жандык сакталды. Бул ирет ак куу

Түптө тоңуп калган ак куу табылып, жапайы жандыктарды коргоо боюнча тиешелүү фондго тапшырылды. Бул тууралуу “Бугу-Эне” коомдук фонду билдирет.

Маалыматка караганда, Экотехинспекциянын кызматкерлери Каракол, Ак суу, Түп, Жети-Өгүздө рейд жүргүзүп жүрүп, Түптөгү булуңдан сукка тоңуп калган ак кууну таап алышкан.

Башкармалыктын жетекчиснин орун басары Нурсултан Ташыбек уулу жана башкы инспекторлор Кадыралиев менен Букарова канаттууну жылытып, күн мурун, 13-январда аны аталган фондго тапшырып беришкен.