06.08.2019 22:56

Кытай элчилиги Солтон-Сарыдагы башаламандык боюнча кескин билдирүү жасады

Кытай элчилиги Солтон-Сарыдагы башаламандык боюнча кескин билдирүү жасады

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги кытайлык «Zhong Ji Mining» компаниясы иштетүүгө даярдап жаткан Солтон-Сары алтын чыгуучу кенинде болгон башаламандык боюнча кескин пикирин билдирди.

Окуяны элчилик кытай компаниясына кол салуу катары баалады. «Канчалаган жылдар бою кытай ишканалары Кыргызстанга инвестиция жумшап, ишкерлик менен алектенип, жергиликтүү элдин жашоосунун жакшырышына олуттуу салымын кошуп келишет, бул кыргыз өкмөтү жана коомдун ар кыл чөйрөсү тарабынан жогору бааланып келген.

5-август күнү «Zhong Ji Mining» кытай компаниясы иш алып барган кенге жүздөгөн жергиликтүү тургундар чогулуп, айрымдары компаниянын аймагына мыйзамсыз бастырып киришип, кызматкерлерди сабаган. Анын жыйынтыгында ондогон кытай жарандары жаракат алышты. Азыркы тапта жабыр тарткандарга элчилик медициналык жардам көрсөтүп жатат. Бул жаңжал компанияга жана анын жумушчуларына ири экономикалык жана физикалык жоготуу алып келди. Кытай тарап бул боюнча олуттуу тынчсыздануусун билдирет.

Биз кыргыз тараптан кытайдын жабырланган жарандарына колдон келген медициналык жардамды көрсөтүп, жаңжалды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалап жана абалды калыстык менен жөнгө салууну талап кылабыз»,- деп айтылат билдирүүдө.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги жогорудагы окуя кайталанбашы үчүн аталган мамлекеттин жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну, кытай компанияларынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо чараларды көрүүнү Кыргыз өкмөтүнөн сурайт.