29.03.2018 15:55

Кытайдан Борбор Азияны көздөй биринчи товар жүктөлгөн поезд жолго чыкты

Поезд бүгүн жергиликтүү убакыт менен 11:00до Кытайдын борборундагы Хэнань провинциясынын Синьсян шаар аймагында жайгашкан Тапу станциясынан  Борбор Азиянын беш мамлекетин беттеп чыкты. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирет.

Поезд  Тайюань, Иньчуань, Чжунвэй, Увэй, Үрүмчү шаарларын кесип өтүп, Алашанькоу көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Казакстандын “Достук” бекетинен өтөт да, андан ары Түркмөнстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга барат.

Жүрүү тартиби- жумасына бир ирет. Поезддин курамында 50 вагон бар.

Бул поезд менен Кытай Борбор Азияга механикалык жабдыктарды, резинадан жасалган буюмдарды, өрткө чыдамдуу материалдарды жана башка товарларды жөнөтүп, кайра ар кандай сырьё жүктөп кетүүгө ниеттенүүдө.