20.12.2018 12:42

"Коопсуз шаар" 2019 жылдын 10-февралынан тарта толук иштей баштайт

"Коопсуз шаар" 2019 жылдын 10-февралынан тарта толук иштей баштайт

Бир бийликти баштан кечирип, бир канча өкмөт башчынын шайын оодарган "Коопсуз шаар" долбоору деп кечээ Жогорку Кенеште да уруша да кетишти. Чубактын кунундай чубалган "Коопсуз шаар" жети жылга барып, жүзөгө ашканы калды көрүнөт. Өкмөт сынакта жеңип чыккан кезектеги компанияны шардана кылышты. 

Жарандардын коопсуздугуна кам көргөн долбоорду депутаттар дагы бир жолу электен өткөрүп чыкты.