18.01.2019 09:13

"Коопсуз шаар" кантип иштейт? Айып пулдар качан салынат?

"Коопсуз шаар" кантип иштейт? Айып пулдар качан салынат?

12-февралдан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларды атайын камера каттап, протокол толтура баштайт. Май айына чейин 10 жерге камера жабдуулары орнотулат. Ал эми экинчи этап менен өлкө аймактары камтылып, жалпы 230 жол кесилишине видео көзөмөл коюлат. Ошондой эле "Вега" компаниясы 5 жыл кызмат көрсөтөт. Келишим боюнча мөөнөт аяктаган соң, компания видео-көзөмөл жабдууларын кыргызстанга таштап кетет.