05.09.2018 19:33

"Коопсуз шаар": Кезектеги аракет

"Коопсуз шаар": Кезектеги аракет

Өкмөт өткөндө ишке ашпай калган аукционду кайра жандандырып, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аракетин көрө баштады. Сууга тийгизбей макталган онлайн система бул ирээт россиялык компания тарапка карап жылмайды. Эми алар дагы бир сыноодон өтсө, Бишкекти камерага толтура баштайт экен. Буга чейин алты жолу ара жолдо калган долбоордун бул ирээт иштеп кетишине азырынча ишениш кыйын.