29.09.2018 14:14

"Коопсуз шаардын" жаңы чатагы

"Коопсуз шаардын" жаңы чатагы

Бул арада "Коопсуз шаар" долбоорунун тегерегиндеги ызы-чуу уланууда. Онлайн аукциондогу кемчиликтер тууралуу даттанууларды сынактын жеңүүчүсү "Концерн Вега" ишкердик репутацияга болгон шек келтирүү аракети деп баалады. Учурда даттануулар боюнча ишти атайы комиссия карап жатат. Жыйынтыктары 10 күндүн ичинде белгилүү болмокчу.

Эске салсак, мамлекеттик сатып-алуулар порталы "Коопсуз шаар" сынагын өткөрүү боюнча мыйзам бузуулар катталгандыгы тууралуу арыздар түшкөнүн билдирген. Кайсыл кемчиликтер жөнүндө сөз болуп жатат?