14.06.2018 08:50

Коопсуздук кызматы Жантөрө Сатыбалдиевди дагы суракка алды

Коопсуздук кызматы Жантөрө Сатыбалдиевди дагы суракка алды

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев  УКМКга сурак берип чыкты. Бул туурасында аталган ведомстводон билдиришти. 

Мурунку өкмөт башчы ЖЭБдеги авария боюнча козголгон кылмыш ишине күбө катары чакырылганы айтылат. 

Буга чейин энерготармактын 7 жогорку кызматтагы адамдары бул иш боюнча "Жемкорлук" беренеси менен камалган.