06.09.2018 17:09

Корей элине «Манас» эпосун өз тилинде окуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Корей элине «Манас» эпосун өз тилинде окуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Түштүк Кореяда «Манас» эпосуна арналган көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилигинен билдиришти.

Эртең, 7-сентябрь күнү саат 15:00дө Кванджу шаарында Азия маданияты борборунда «Манас» эпосуна арналган көргөзмөнүн расмий ачылышы болот. Анын жүрүшүндө корей тилинде басылып чыккан «Манас» эпосу көрсөтүлүп, «Манас» спектакли коюлат.

Иш-чарага Түштүк  Кореядагы Кыргыз элчилиги,  Жогорку Кеңештин, Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин, Улуттук китепкананын өкүлдөрү жана манасчы Рысбай Исаков катышат. Көргөзмө 7-сентябрдан 30-декабрга чейин созулат.