08.10.2018 16:15

Кореяда кыргыз режиссерунун «Аврора» тасмасы эл аралык кинофестивалга катышып жатат

Кореяда кыргыз режиссерунун  «Аврора» тасмасы эл аралык кинофестивалга  катышып жатат

Кореянын Пусан шаарында өтүп жаткан эл аралык кинофестивалда кыргызстандык режиссер Бекзат Пирматовдун «Аврора» тасмасынын бет ачары өттү. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, кинотасма «Кинодогу жаңы агымдар» аттуу негизги конкурстук программада катышып жатат. Бул кыргыз тасмаларынын Пусан фестивалынын негизги конкурстук программасында  биринчи ирет катышып жаткан учуру экени белгиленет. 

Пусандагы эл аралык кинофестиваль дүйнөнүн ар бурчунан келген профессионалдар үчүн өз эмгегин көрсөтүүчү маанилүү аянтча катары таанылган. Жыл сайын иш-чарага 180ден  ашык мамлекеттен 270ке жакын тасма катышат. Ага катышууга 7 миңге жакын кино тармагынын алптары келсе, иш чараны 1,7 миң журналист чагылдырат.