30.03.2018 17:58

КРФФ Кыргызстан-Мьянма беттеши үчүн 250 миң доллар коротту

КРФФ Кыргызстан-Мьянма беттеши үчүн 250 миң доллар коротту

Кореядагы Кыргызстан - Мьянма беттешин уюштуруу үчүн КРнын футбол  федерациясы 250 миң доллар коротту. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.   

Таймаш 22-мартта  Кореянын Инчхон шаарында өткөн.  Кыргызстандын курамасы беттеште 5:1 эсеби менен утуп алган.

Беттешти уюштуруудагы бардык чыгымды КРФФ көтөргөн. Учурда ал 250 миңден ашык сумманы түзөт, бирок, эсепке кошула элек чыгымдар да бар. 

Маалыматка караганда, каражаттын көбү эки команда мүчөлөрү үчүн авиабилетке, жатаканага жана тамак-ашка кеткен.

Кыргызстан - Мьянма беттеши  былтыр 5-сентябрда Бишкекте өтмөк, бирок, Бирмадагы окуяларга байланыштуу кооптуулук жаралгандыктан, өкмөт башчынын чечими менен  болбой калган.