Кубанычбек Кумашов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Кубанычбек Кумашов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.  Тийиштүү буйрукка бүгүн Премьер-министр Сапар Исаков  кол койду.

Бул тууралуу Өкмөт  Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматта, Кулмашов  Мамлекеттик салык кызматынын төрагагасынын орун басары кызматынан берген арызынын негизинде бошотулганы жазылат.

Бүгүн Кумашовду УКМК коррупциялык иш-аракеттерге катышкан деген шек менен камакка алган болчу.