09.12.2019 10:30

Кулматов менен Ибраимовго бүгүн өкүм чыгабы?

Мурунку калаа башчылары Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго карата козгозгол кылмыш ишинин тергөөсү соңуна чыгып калды.

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда баш калаанын мурдагы жетекчилерине өкүм жарыяланары айтылат. Бул тууралуу айыталуучулардын тарапкерлери билдиришүүдө.

Жалпысынан бул иштин алкагында 13 кишинин жоопкерчилиги каралып жатат.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең УКМКнын тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып келишет.

Эске салсак, 4-ноябрда сөз экс-мэрлерге берилген. Бирок экөө тең сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартып, «негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп билдиришкен.