02.12.2019 13:42

"Кумтөр" жоголгон кызматкерлери тууралуу маалымат таратты

"Кумтөр" жоголгон кызматкерлери тууралуу маалымат таратты

“Кумтөр” компаниясы эки кызматкери кандай жагдайда жоголгондугу тууралуу расмий сайтында маалымат таратты.

Билдирүүгө караганда, «Кумтөр» кенинде бош тек үйүлгөн жерде жер көчкү жүргөн. Бош тектин кыймылга келиши Лысый суусунун өрөөнүндөгү үймөктө болгон. Жыйынтыгында, ошол участокто иштеп жаткан компаниянын эки кызматкери жыйналуу пунктуна кайрылып келбей, дайынсыз жоголду деп табылган.

“Центерра Голд менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын учурдагы эң башкы милдети дайынсыз жоголгондорду издөө жана куткаруу иштери аркылуу табуу. Бул иштер КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешип аткарылууда”, деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, 2019-жылдын 1-декабрында, таңкы 5:43тө «Кумтөр» кенинде Лысый суусунун өрөөнүндөгү бош тек үймөгүнүн түндүк бөлүгү кескин кыймылга келген.

Компанияда болгон окуя боюнча бардык тиешелүү мамлекеттик көзөмөл органдары, дайынсыз жоголгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү дароо кабарланган. Учурда издөө жана куткаруу иштери уланууда.

“Ачык тоо-кен иштери убактылуу токтотулуп, тоо иштеринин пландары жаңыртылууда. Компания издөө жана куткаруу иштери соңуна чыкмайынча жана жаңыланган тоо-кен иштеринин планы даяр болмоюнча тоо-кен иштери кайра качан башталары боюнча маалымат бергенден баш тартат”, - деп маалымдалат Кумтөр компаниясынын расмий сайтында.