19.10.2018 16:33

Курьер өлүм алдында жаткан кишиге 362 чакырым алыстыктан сүйүктүү пиццасын жеткирип келген

Курьер өлүм алдында жаткан кишиге 362 чакырым алыстыктан  сүйүктүү пиццасын жеткирип келген

АКШда курьер өлүм алдында жаткан кишинин сүйүктүү пиццасын кошуна штаттан бери жеткирип келди.  WJBK маалымат порталы билдиргендей, бул үчүн ал 362 чакырымды басып өткөн.  

Терминалдык баскычтагы рак оорусунан жабыркаган Индианаполис шаарынын (Индиана штаты) тургуну  Рич Морган жубайы менен Мичиган штатындагы Батл Крик шаарында жайгашкан сүйүктүү пиццериясына акыркы жолу барууга камданып жаткан. Бирок, анын абалы ыкчам начарлап кетип, хосписке жайгаштырууга туура келген. 

Моргандын кайнатасы ресторан бир штаттан экинчи штатка пицца жеткирбесин түшүнүп турган менен, күйөө баласына билгизбей пиццерияга чалып, абал тууралуу айтып берген. Трубканы алган пиццериянын 18 жаштагы жумушчусу Долтон Шэффер оорулуунун баянын угуп, жардамга келүүнү чечкен. 

Шэффер козу карын жана пепперони кошулган пиццаны даярдап, өзүнүн менчик унаасына салып, жумуштан кийин Морган жаткан хосписке жөнөгөн. Ал бараткан жерине түнкү саат 2:30да гана жеткен. Моргандын жакындары ага конуп алып. эртеси кетүүнү сунушташкан, бирок ал жумушуна кечикпеш үчүн кайра эле жолго чыгууга аргасыз экенин билдирген. 

«Үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары чыгып, мени кучактап, ыраазы болушту. Ошол учурдагы алардын жүздөрүн көрүү абдан жагымдуу болду», — деп жоп берген курьер журналисттерге.

Ричтин жакындары Шеффарга ыраазычылык билдирип, ал жеткирип келген пиццаны «дүйнөдөгү эң даамдуу пицца» деп аташкан.