17.01.2019 17:45

«Көчмөндүн жан-дүйнөсү жана канаты»: Женевада кыргыз сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү өттү

«Көчмөндүн жан-дүйнөсү жана канаты»: Женевада кыргыз сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү өттү

Кыргыз сүрөтчүсүнүн эмгектери Бүткүл Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмун (WIPO) багындырды. Бул туурасында Басып чыгаруучулар жана китеп таратуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Бондаренко билдирди.

«Көчмөндүн жан-дүйнөсү жана канаты» (Soul and Wings of a Nomad) аталышында көргөзмө Уюмдун Женевадагы штаб-квартирасында болду. Анда сүрөтчүнүн Кыргызстандын табиятын жана элинин сыймыгы болгон - кыргыз жылкыларын чагылдырган 44 чыгармасы коюлган.  

Эки жумага созулган (2018, декабрь) көргөзмөгө келген коноктор жана БИМО кызматкерлери кыргыз сүрөтчүсү жана акын Диас Устемировдун талантына таң беришти. 

Диас Абдыгулович Устемиров 1957-жылы Чүй облусунун Чоң-Арык айылында туулган. 1976-жылы Фрунзедеги көркөм-сүрөт окуу жайын аяктап, окуусун Москвадан уланткан.